Бишкекте 45 миң долларлык автоунааны алдамчылык жолу менен алууга шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте ири өлчөмдө алдамчылык кылууга шектелип, А.У. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-декабрында Октябрь РИИБине Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда А. аттуу жаран 2020-жылдын октябрь айында 7-кичи районунда 2016-жылы чыккан, баасы 45 миң долларлык Range Rover Sport үлгүсүндөгү автоунааны ишенимине кирип, алдамчылык жолу менен алганын айтып, ага карата чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Октябрь РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмышка шектелип, 1997-жылы туулган А.У. аттуу жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда шектүүнүн башка кылмыш иштерине тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Belek1710
2021-02-19 19:34:59
Бешиктен бели чыга элек бала ушинтип отурса, келечегиң жок экен!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан