"1-2 күндөн кийин ооруканадан чыгам". Түркияда дарыланып жаткан Султан Каримов кайрылуу жасады

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Султан Каримов учурда Түркия мамлекетинде дарыланып жатат. Ал 5 жылдан ашуун убакыттан бери кант диабети менен күрөшүп келет.

"Урматтуу, менин күйөрмандарым, жердештерим, кыргызстандыктар, мага жылуу сөзүн айткандар, баарыңыздарга чоң рахмат айтам. Сиздердин дубаңыздар менен жакшы болуп калдым. Учурда Стамбулда дарыланып жатам. Кудай буюрса, жакшы болуп калдым, 1-2 күндөн кийин ооруканадан чыгам. Күч-кубатым кайтты. Буюрса, көрүшөбүз. Ден соолугумду чыңдоого жардам бердиңиздер, чоң рахмат жана терең таазим кылам", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nur777
2021-02-19 19:05:48
Кудайым шыпаасын берип куландан соо айыгып кетиниз!
+11
nazira...
2021-02-19 20:45:58
Шүгүр, күч кубат кирип калыптыр. Келип кайрадан ырдап калыныз мурдагыдай.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан