Биз социалдык тармакта

Бишкекте адашып кеткен 4 жашар бала аман-эсен табылды

Бишкекте адашып жүргөн бала аман-эсен табылып, үйүнө жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-февралда болжол менен саат 15:00 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Свердлов районунда жайгашкан “Глобус” кичи маркеттеринин биринде кичинекей бала адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барганда 2016-жылы туулган Б.А. аттуу бала үйүнөн ойноп чыгып кеткен бойдон кайра жашаган дарегин таппай адашып жүргөндүгү белгилүү болгон.
Баланын жашаган дарегин тактап, бир тууган эжесине сак-саламат жеткирип беришкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан