
Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өткөн жылы 31-июлда Ленин РИИБине О.М. аттуу Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 08:30 чамасында Адышов көчөсүндө жайгашкан арыз ээсинин үйүнө белгисиз жаран кирип, күч колдонуп iPhone6 үлгүсүндөгү телефонун тартып алып качып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене "тоноо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектелип 1989-жылы туулган К.С. аттуу жаран кармалып, СИЗО-1ге 2 айга камалды. Учурда кармалган жарандын башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.