Ысык-Көлдө бала бакчалардын биринде балдарга көгөргөн тамак-аш берилери айтылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Кызыл-Суу айылындагы "Арча" аталышындагы бала бакчага балдарын берген ата-энелер текшерүү жүргүзүп, жетекчиликти жазалоону талап кылышууда. Бул тууралуу Каракол шаарынын тургуну Алена Хоменко Фейсбуктагы баракчасын жазып чыкты.

"Видеону аталган бала бакчага балдарын берген ата-энелер жиберишти. Алардын маалыматына ылайык, бала бакчада тамак-ашты даярдоодо көгөрүп кеткен унду колдонушкан жана эттер тактайда жаткан. Бала бакчанын жетекчилиги жакшы тамак-ашты, ал тургай көмүргө чейин үйүнө алып кетет. Облустук администрация реакция кылып, тартипке келтирүүнү суранабыз", - деп жазган ал.

Видеодо азык-түлүктөр сакталган жай тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан