- Экөөңүздөр кантип таанышып калдыңыздар эле?
Чыңгыз: - Мен үйлөнүү үчүн кыз издеп Инстаграмдан көрүп калдым. Анан эмне деп жазышты билбей, жооп бербесе деле керек деген ой менен "Жашың канчада?" деп жазып койгом. Анан эле жооп келип, сүйлөшүп кеттик. Үйлөнөлү деген сунушту дагы жубайым Айтурган киргизди.
Айтурган: - Эки айга чукул убакыт сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Алгач жолдошум турмуш куруу тууралуу айтып жүргөн, анан бир күнү эле мен макул үйлөнөлү дедим.
- Айтурган айым, сиз Өзгөндөн болот экенсиз, ата-энеңиз Аксыга турмушка чыгам десеңиз каршы болгон жокпу?
- Ата-энем макул эле болду. Туугандарыбыз эле алыс дешти. Туугандардын арасында мени келин кылып алам деп жүргөндөр бар экен, алар "бизге бербей алыскы Аксыга берипсиңер" дешиптир.
- Чыңгыз мырза, Айтурган айым кандай келин?
- Аябай эрке, эрежени сактабаган келин. Саат 11ге чейин уктайт.
- Айтурган: Менде келин андай болуш керек, мындай болуш керек деген чектөө жок. Эркин эле жүрө берем. Кааласам төргө чыгып кетем, кээде жолдошум чай куюп жаткан болот, кээде кайненем. Мен кызындай эле жүрө берем.