Биз социалдык тармакта

Айдоочулардын талабы аткарылабы? Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүүнүн үч жолун карап чыкты

Бишкек шаардык мэриясы коомдук транспорттун айдоочуларынын жол кире акысын жогорулатуу талабын карап чыкты. Ага ылайык, муниципалдык мекеме маселени чечүүнүн 3 жолу бар экенин билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, маселени кароодо акыркы сегиз жылдагы инфляция, күйүүчү майга жана тетиктерге болгон баанын көтөрүлүшү эске алынган. Ошондой эле муниципалитетке караштуу коомдук транспорттун айдоочулары айлык акынын аздыгына нааразычылыгы күчөп баратканы дагы көңүл кош калтырылган жок.

Мэрия жүргүзгөн анализге карасак, учурда бир жүргүнчүнүн коомдук транспорттогу каттамы 13 сом 40 тыйынды (күйүүчү майдын сарпталышын, Социалдык фондго чегерүүлөрдү, техникалык кароону жана башкаларды эске алуу менен) түзөт. Буга байланыштуу мекеме 3 жолду карап чыкты. Алар:

1) ушул бойдон калсын;
2) автобустарда жана троллейбустарда жол акысы 11 сом, кичи автобустар үчүн 15 сом өлчөмүндө белгилөө;
3) автобустарда жана троллейбустарда жол кире 10 сомго, ал эми кичи автобустарда 13 сом деп көрсөтүү.

Мэрия №2 вариантты алгылыктуу жана ыкчам жүзөгө ашырылуучу деп эсептейт. Тактап айтканда, бааларды автобус, троллейбустарда 11 сом, кичи автобустарда 15 сом кылууга ыктап жатат.

Эске салсак, 18-19-январда борбор шаарыбыздагы кичи маршруттук унаалардын айдоочулары кол кире акысын 15 сомго көтөрүү талабын коюп, айрымдары жумушка чыкпай коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Syrbek_90
2021-02-20 01:01:53
Жол кирени которуш учун мамлекетик айлыктардыда которушунор керек ошондо туура болот он сом тапай жаткан адамдар бар азыр коомдук уналардыкын карапсынар Эми айлыка иштегендерди да которгуло ошондо туура чечим болот
+3
nukura_jigit
2021-02-20 08:42:59
Кол кире дегенде кандай болуп калат?
+1
BakytbekAbdubakhapov
2021-02-20 13:08:09
Сыдыр Нуркожевич сиз аралашпасаныз бул жагы элдин канын шорумай башталды.Же сиз дагы ошолор жакка отуп алдынызбы?
+1
bekuluik
2021-02-20 22:24:53
BakytbekAbdubakhapov,Садыр, Садыр. Садыр чече албайт.
0
Tiranlit1
2021-02-20 17:32:16
Москва 42 р бир каттам(проезд)))
0
gul3ina
2021-02-21 01:39:11
Көтөрбөгүлө акмактар
0
Tynar1213
2021-02-21 05:48:44
3 вариант туура эле болот
0
Taalaibek.
2021-02-23 08:29:49
Учобу тен туура эмес! Эн жонокой эле вариант, куйучу майдын баасын томондотуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан