Мал жана энергетикалык суусундук. Жалал-Абадда коңшу өлкөгө аткезчилик жүктөрдү ташууга аракет кылгандар кармалды

19-февралда Ала-Бука районунда чек ара кызматкерлери жалпы суммасы 450 миң сомдон ашкан малды ташуу аракеттерин токтотушту. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Турбаза аймагында чек ара кызматкери кызмат өтөп жатып чек аранын жанындагы кароосуз калган үйдөн контрабандалык жүктү - 2400 бөтөлкө энергетикалык суусундукту тапкан. Жүктү 1993-жылы туулган Б.Р. аттуу жаран Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылганы белгилүү болгон.

"Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Таза-Суу аймагында чек ара кызматкерлери 1986-жылы туулган М.А. аттуу Кыргыз жаранын кармашкан. Ал 16 баш майда мүйүздүү малды Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Анын жалпы суммасы 450 миң сомдон ашык сумманы түзөт. Тиешелүү документтер каттоодон өткөндөн кийин кармалгандар кошумча иликтөө үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-02-21 09:52:32
Ушуга окшогон саткындарга каталыраак жаза колдонуш керек аткезчилик кылгандарга
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан