Чүйдө 78 жаштагы пенсионердин акчасын тартып алганга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Чүйдө 78 жаштагы пенсионердин акчасын ээлеп алып, качып жүргөн деген шек менен Чүй облусунун Сокулук районунун 37 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин милиция кызматкерлерине 78 жаштагы кемпир арыз менен кайрылган. Анда 2019-жылдын күз мезгилинде белгисиз жаран арыз ээсин алдоо жолу менен пенсионердин акчасын ээлеп алып, материалдык чыгым келтирген.

Бул факты Ленин РИИБине Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иш-чараларынын натыйжасында, кылмышка шектелип 1984-жылы туулган Н.М. аттуу мурда соттолгон Сокулук районунун тургуну кармалды. Ал ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы белгилүү болду. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда анын ушул сыяктуу башка фактыларга тиешеси бар экендиги иликтенүүдө", - деп жазылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asanali
2021-02-21 15:55:41
Акмак, кайра жардам бербейсинби.Аксакал адамдын акчасын тартып албай. Как будто омур откучо жаш болуп журо берчуудой. Ошол жашка жеткичекти кор болуп отосунго сен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан