"Таза шайлоо" ассоциациясы жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго байкоо жүргүзөт
"Таза шайлоо" ассоциациясы жергиликтүү кеңештердеги шайлоолорго байкоо жүргүзөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
БШК "Таза шайлоо" ассоциациясы юридикалык жактардын бирикмесинен Тимур Арыковду коомдук байкоочу катары каттап белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү чечимин кабыл алды. Аталган комиссия 11-апрелде дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу "Таза шайлоо" ассоциациясы юридикалык жактардын бирикмесинен келип түшкөн билдирүүлөрдү эске алды.
Жергиликтүү кеңештердин шайлоосу 11-апрелде өтөрү күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:06
2021-03-08
12:00
2021-03-08
11:55
2021-03-08
11:03
2021-03-08
10:40
2021-03-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.