Биз социалдык тармакта

Кыргыз-орус саламаттыкты сактоо министрлери өлкөгө "Спутник V" вакцинасын жеткирүү тууралуу сүйлөшүштү

Кыргыз-Орус саламаттык сактоо министрлери Алымкадыр Бейшеналиев менен Михаил Мурашко жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бейшеналиев учурда иш сапары менен Москва шаарында жүрөт. Алар "Спутник V" вакцинасын жеткирүү, саламаттык сактоо системиндеги материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана Кыргыз өлкөсүнүн медиктеринин Орусиянын тажрыйбасын арттырып келүү маселелерин талкуулашты.

Бейшеналиев Орусияга коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатканына ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан