Анжелика: "Бүгүн көз жаш төгүп, мен сүйгөн 2 адамды жашоомдон чийип салдым"

Ырчы Анжелика Instagram баракчасына жашоосунан эки негизги адамын чийип салганын жазды. Ырчы айымдын айтымында, ага бул чечимди кабыл алуу оңой болгон эмес жана ал бул сыноо үчүн Кудайга ыраазчылык билдирген.

"Билесизби, бүгүн бир күн кечке мага абдан оор болду. Бул абалды физикалык жактан деп айтууга болбойт, менин жан дүйнөм ооруду. Эч качан "саткынчылык" деген сөздү түшүнгөн эмесмин. Мындайлардан упай топтоп, жөн гана басып кетүү керек деп ойлочумун.

Бүгүн мен көз жаш төгүп, мага өтө жакын, алар үчүн баарын берүүгө даяр болгон жана өтө сүйүп, урматтаган 2 адамды жашоомдон чийип салдым.

Алар жүрөгү, жан дүйнөсү жана тарбиясы жок адамдар.

Жаратканыма мага тартуулаган бул сыноо үчүн рахмат айтам. Эгерде бул сыноо болбогондо, мен дагы да болсо жалганда жана алардын 2 жүздүүлүгүнө чыдап, жашай бермекмин. Кудай үчүн силерди кечирем жана коё берем. Жакын курбумду жана ... ооба, сени!

Ооба, мен ким менен жашоону кааласам, ошол адам, сени! Ойлобогула алар экөө биригип бир нерсе жасады деп. Жок, ар кимдин өз тарыхы бар. Бирок бүгүндөн баштап, мен силер үчүн жокмун. Кечиргиле, мындан ары силердин амалдарыңарга чыдабаганым үчүн! Кечиргиле, эгер мен абдан ак ниет болсом! Кечиргиле, муну мен жеке өзүңөргө эмес, тарыхчама жазганым үчүн!

Жеке жазышуу маңызсыз жана болбогон нерселерди окугандын зарылдыгы жок", - деп жазган ырчы айым.

Жазылган пост боюнча Анжелика менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Буга чейин ырчы айым сүйүктүүсү Дубайда эс алып жаткан жеринен колун сурап, шакек сунганын жар салган.

Ал кучак толо роза гүлүн кармап сүрөт тиркеп, "бакыт тынчтыкты сүйөт десем, катталуучуларың бизге чексиз бакыт тилеп койсо, ашыкча болбойт дейт түгөйүм", - деген билдирүүсүн калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (42)
jaz99
2021-02-20 14:10:27
Булар пиарсыз жашаштары кыйын го дейм ошончо миллион адам карап турат деп тынчжурушо албаса керек менин оюмча бир нерсе чыгарып болушуп замандын агымы десем болот
+7
Janna19
2021-02-20 14:12:23
Таластыктар өпкөсү жок болот деген чын.Бул жазганына деле өзү мактап өтүптүрго чиркин.Мурунку интервьюсунда деле мактанды эле,он жыл күтүүгө даяр траляля..трататаа..деп.Кана он жыл эмеси бир жыл күтө алган жок.
+15
KaGaH
2021-02-20 14:31:04
Жоргонун тери,сулуунун **** кургабайт дейт беле,анжеликаны мыйзамдагы ууру камчы менен дөө чынгыз алмак салмак неметишип жүргөн деп сөз болгон тар чөйрөдө, каалаганда үйүнөн алып кетишип,урмат ошого эле чыдабады окшойт,бай 2/3 сү да болгон
+10
jaz99
2021-02-20 14:43:31
KaGaH,бул созуно 4кубо болушкерек шарятта анан айт тооба
+2
Jelezo
2021-02-20 14:57:08
KaGaH,шам жагып отурдуң беле
-2
KaGaH
2021-02-20 16:29:21
Jelezo,жок свет өчүп,чырак жагып отургам
+9
muslima-0788
2021-02-20 14:46:11
Элдер кошунанын уйундогу проблемасын билбейт а сенин жан дуйнон барбы, суйгонун барбы, дагы эмнелерин бар бардыгын чачып айтып корсотуп буттун.Сен айтып чарчабадын, биз окуп чарчадык уже.Бир четираака чыгып тыынч жашашты уйроно албадын эч
+8
Anikin83
2021-02-20 14:56:51
Аллахым эскертип сыноо берди го сага жетпедиби,Сенин бироо менен жургонун 10ну менен жургонунун кимге кереги бар.Подписчик,лайк учун эмнени гана кылбайсынар,акыретти ойлосон боло карындашым
+5
munarbek.92
2021-02-20 15:08:42
Санта-Барбара кайра эле экрандарда
+5
Bekulas
2021-02-20 15:46:11
Эки тоонун чобун энсеген аркар ачкадан олот болуптурда...
+4
AykaMer
2021-02-20 17:28:00
Саткынчылык деген нерсени эми түшүндүңбү?! Сен да бир кездерде Айчүрөк устазыңды сатып кеткен элең. Жашоо ушундай бумеранг,сен түшүнө албаган нерсени башыңа салып ушинтип түшүндүрүп койду жашоо...Жан дүнөң ооруп жатканда,балким устазыңдын да дили ушундай ооруганын сезеттирсиң.
+6
nazira...
2021-02-20 17:32:23
Уффф дагы баштадыбы бу кыз, жетпептир да эч нерсе. Дагы нени каалап атат, нени көргүсү келип атат. Тынчыбайт окшой, тооба.
+4
Alinur96kg
2021-02-20 17:44:25
Ошондо алдап итерип кетиптирби?
+5
KaGaH
2021-02-20 18:27:18
Alinur96kg,гы гы гы хи хи кха кха
+2
Baiaman997
2021-02-20 18:32:32
Alinur96kg,Кароче Анжеликанын куйоосу менен жакын курбусу шпили-вили болгон Анжелика больницада жатканда, аны байкап калган
+5
Tyty1990
2021-02-20 19:49:21
Пакылдатып туруп коён болгон окшойт сүйгөнү.
+7
Mr.enriiko
2021-02-20 21:35:30
Экоону бирдей алып жургон сен кыйын экенсинго! А так ошо.
+2
Akyl78.1501
2021-02-21 01:16:46
Дубайга алып барып бир сайды окшободу качтыда анан берген роза гүлүнө ыраазы болуп
+3
Taalai-bek
2021-02-21 08:41:21
Шоу бизнесте ушундай адам болбосо болбойт да кызытып турган. Главный кызыткыч деген макамды Самара экөө талашып жатышат улам улам жаңы жаңылыктар менен чыга калышып
+3
Sajakat14
2021-03-05 00:40:14
Кыргыз эли бири бирибизди көрө албайбыз. Ошон үчүн арткы мамлекет болуп жүрөбүз ар кимден карыз сурап. Бирок өз пейилибизге жараша баары!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан