Премьер-министри курулуш тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү

Премьер-министр Улукбек Марипов курулуш тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Курулуш тармагы – өлкөдөгү экономикалык өсүштүн негизги индикаторлорунун бири болуп саналат. Ички дүң продукциясындагы анын үлүшү 10 пайызды түзөт. 2020-жылы коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу экономикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө жана инвестициялардын кыскаруусуна карабастан, 900 миң чарчы метрден ашуун турак-жай пайдаланууга берилген. 2020-жылы курулуш тармагындагы инвестициялардын көлөмү 46 миллиард сомдон ашуун сумманы түзгөн. Бүгүнкү күндө биз көптөгөн жылдар бою аталган тармакта чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдү талкуулап, ал милдеттерди комплекстүү негизде чечүүгө ниеттенүүдөбүз. Биз үчүн курулуш тармагын өнүктүрүү маанилүү, анткени ал өлкөнүн инфраструктуралык өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Курулуш тармагындагы көйгөйлөрдү канчалык деңгээлде чечсек, жарандарыбыздын жашоосу да ошончолук жакшырат. Өлкө президентине жана өкмөтүнө келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүк бөлүгү жарандарды турак-жай менен камсыздоо маселесине тийиштүү. Эгерде адамдын үйү, иши жана татыктуу айлык маянасы болсо, мунун өзү жакшы жетишкендик", - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр курулуш компанияларынын жетекчилерине кайрылып, жаңы долбоорлорду курууда жана пландаштырууда жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү баадагы турак-жайларга басым жасоо маанилүү экендигине токтолду.

Улукбек Марипов белгилегендей, көрсөтүлгөн көйгөйлөр күн тартибинде бир топ мезгилден бери турат.

"Аларды артыкчылыктуу принциптен чыгуу менен ырааттуу түрдө чечүү керек. Коюлган милдеттерди ыкчам чечүүнүн ордуна, тескерисинче, бизнеске тоскоолдук келтирген кайталанма органдарды кыскартуу керек. Коррупциялык механизмдер жана кандайдыр бир жактардын кызыкчылыгын сүрөө ушинтип башталат. Айрым учурда курулуш тармагынын ишкерлери оңдуу техникалык шарттарды, документтерди алуусу үчүн мекеме өкүлдөрү менен түздөн-түз байланышууга туура келет. Бул коррупцияга алып барат. Муну менен күрөшүү керек.

Курулуш тармагын өнүктүрүү жолу менен баруу керек, жаңы турак-жайлар сапаттуу, кооз жана заманбап курулушу керек", - деди өкмөт башчы.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча премьер-министр Улукбек Марипов тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине курулуш тармагында иштеген уюм өкүлдөрү тараптан көтөрүлгөн маселелерди кыска мөөнөттө чечүүнү жана курулуш тармагын жөнгө салуучу ченемдик-укуктук базаны инвентаризациялоо жана өркүндөтүү боюнча иш алып барууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан