Ысык-Көлдө мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Тоң районунун бир катар тургундары милицияга арыз менен кайрылышып, белгисиз адамдар тарабынан мал сарайларынан 6 баш койду уурдап кетишкендигин билдиришкен. Аталган фактылар Тоң РИИБне катталып, кылмышкерлерди колго түшүрүү боюнча тийиштүү иштерди жүргүзө башташкан.
Тоң РИИБдин криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш аракеттеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары Бишкек шаарында убактылуу жашашкан Нарын облусунун 29 жаштагы тургуну Ж.М. жана Тоң районунун 23 жаштагы тургуну Т.Б. кармалышты.
Шектүүлөр түнкүсүн мал уурдагандан кийин, уурдалган малдарды Бишкек шаарына алып барышып, белгисиз адамга арзан баада сатып жиберишкен. Бирок, милиция кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам аракеттеринин натыйжасында, алардын кылмыштуу ниеттери аягына чейин чыкпай калды", - деп жазылат.
Учурда, тергөө кызматы тарабынан мал уурулука шектелип кармалгандарды облустун аймагында башка мал уурдоо кылмыштарына катыштыгы бар экендигин текшерүүдө.