Райымбек Матраимовдун колдоочулары Биринчи Май райондук сотунун алдына чогулушту

Райымбек Матраимовдун колдоочулары Биринчи Май райондук сотунун алдына чогулушту.

Биринчи Май райондук сотунда Райымбек Матраимовдун баш коргоо чарасы каралары күтүлүүдө.

Кечээ, 19-февралда дагы Матраимовду колдоо митинги өткөн. Митингге чыккандар колдоруна “Матраимов качкан жок”, “Матраимовду бошоткула!”, “Матраимовдой акчаны ким төлөдү?” “Американын агенттери кыргыз патриотун каматты”, "386 миллион долларды уурдаган Сапар Исаковду ким качырды?", "Кулматов эмнеге камалбайт?" деген жазууларды көтөрүп чыгышкан.

18-февралда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашкан.

Мекеменин маалыматына ылайык, Матраимов кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nazarnew
2021-02-20 16:03:39
Сатылган жүрөбү, тууган уруктары, шакалдар десе. Ылайым баарыңарды камап эле салсын.
+7
Mustafo
2021-02-20 16:13:46
Акмак экенсиңер бекерпоздор уйалбайсыңарбы , көп болсо 10 миңден алгандырсыңар , аш болбосун алганыңар тешип чыксын
+4
Mirlan27011987
2021-02-20 16:59:27
М. Абылгазиев камалды. Нарындыктар, кочкорлуктар чогулуп Кулматов, Исаков эмнеге камалбайт деп митинг уюштурушкан жок. Эми Раимди уурулук боюнча камап жатышса Кара Суулуктар эмне болуп жатышат. Бутундой Кыргыз элитасын Раим багып келген экен. Мам. Кызматта иштеген адам кантип бутундой элитаны багып келди деген суроо. Турциядагы буйрук менен олтурууну ким уюштурду эле. Эл билет.
+6
Goo
2021-02-20 21:21:22
Mirlan27011987,Кара-суулуктар экенин кайдан билдиниз, болсо туугандары бардыр. Калганы баягы эле акчага сатылган шаардыктар эле.
0
bekuluik
2021-02-20 22:20:54
Райымдын богун жесенер анан бошотобуз.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан