Кыргыз өлкөсү менен Орусия тарап коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды чогуу иликтөөнү талкуулашты
20-февралда Кыргыз өлкөсүнүн саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Орусиянын "Роспотребнадзор" мекемесинин башчысы Анна Попова жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Орусия Кыргыз мамлекетине 100 миң даана ПЦР-тесттерин жана көчмө автономдуу лаборатория бере турганы айтылды. Орусия коронавирустун британ жана башка штаммдарын дарылоо боюнча адистешкен медицина кызматкерлерин даярдоого жардам берет. Алымкадыр Бейшеналиев Поповадан Орусиядагы Кыргыз жарандарды эмдөөгө көмөктөшүүсүн суранды. Мындан тышкары, алар коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаалды чогуу иликтөөнү талкуулашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:06
2021-03-08
12:00
2021-03-08
11:55
2021-03-08
11:03
2021-03-08
10:40
2021-03-08
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.