Парламенттин тийиштүү комитетинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу маалымат угулат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында 3 маселе каралат. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү жана 2021-2022-жылдары күз-кыш мезгилине карата суунун жана электр энергиясынын жетиштүүлүгүнүн болжолу жөнүндө маалымат угулат. Мындан тышкары жер казынасын пайдалануучуларынын рекультивациялык эсептери жөнүндө маселе талкууланат.