Өтмөк ашуусунда жол тыгындарын алдын алуу максатында көзөмөл жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунда кар жаап жатат. Мындан улам, жол тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, жерине абалды байкоо жүрүп жатат. Бул үчүн ӨКМнын ыкчам тобу Өтмөк ашуусуна тартылды.