Орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный жалаа жапкандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды

Орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный жалаа жапкандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сот 20-февралдагы отурумунда Алексей Навальныйды Улуу Ата мекендик согуштун ардагеринин кадыр-баркына шек келтирди деген доо боюнча күнөөлүү деп табылды. Ага 850 миң рубль айып салынды.

Ал Согуш ардагери Игнат Артеменкону “чыккынчы” деп айткан. Анын президент Владимир Путиндин 2036-жылга чейин кызматта калуусуна шарт түзө турган соңку конституциялык өзгөртүүлөрдү колдоп тартылган видео тасмага катышкандыгы себеп болгон.

Белгилей кетсек, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 17-январда Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан. Көп өтпөй Алексей Навальныйга карата сот 3 жарым жылга кесүү чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Gulizaa
2021-02-21 17:33:11
Ошонон нары тынчытып салышат го эми
+5
Asmat84
2021-02-21 17:45:53
Gulizaa, тынчытып эле салсынчы батыштын кол баласы
+4
Jelezo
2021-02-21 23:58:36
Раимден көп төлөптүр бир сөзү үчүн.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан