Январь айында өсүмдүк майлары, картошка жана жумуртка эң көп кымбаттады

Быйыл январь айында былтыркы жылга салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 18,5 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, баалар тамак-аш өсүмдүк майларына - 54,6 пайызга, картошкага - 46,3 пайызга, жумурткага - 35,4 пайызга, кумшекерге - 33,1 пайызга, этке - 27,5 пайызга, унга - 16,5 пайызга, жаңы бышкан жемиштерге - 15,1 пайызга, макарон азыктарына - 16,6 пайызга, алкоголсуз суусундуктарга - 6,9 пайызга, майлуугу 2,5 - 3,2 пайыздык пастеризацияланган сүткө - 5,5 пайызга, нанга - 5,2 пайызга, балыкка - 3,3 пайызга баалардын көбүрөөк жогорулаганы белгиленди. Ушул эле убакта, таруунун (5,4 пайызга), тооктун сан этинин (1,9 пайызга), бисквит тортунун (0,1 пайызга) баалары төмөндөдү.

"Үстүбүздөгү жылдын январь айында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 1,7 пайызга жогорулаган.

Муну менен бирге, баалар уйдун бооруна - 9,3 пайызга, картошкага - 4,6 пайызга, койдун этине - 4,0 пайызга, тамак-аш өсүмдүк майларына - 3,8 пайызга, сүт азыктарына, сыр жана жумурткага - 3,5 пайызга, (анын ичинен жумурткага - 11,1 пайызга), тоңдурулган балыкка - 2,6 пайызга, эрүүчү накта кофе - 2,3 пайызга, нанга - 1,1 пайызга, кумшекерге - 0,9 пайызга, таруунун - 0,7 пайызга жогорулаганы белгиленди. Муну менен катар, накта балдын (1,8 пайызга), вафелдик тортунун (0,5 пайызга), ышталган балыктын (0,2 пайызга), куюп сатылуучу сүттүн (0,2 пайызга), күрүчтүн (0,1 пайызга) жана гречиха акшагынын (0,1 пайызга) баалары төмөндөдү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
algakaray
2021-02-21 14:36:30
Эт деле баары эле кымбаттады коп эле
+1
Batma.Sh
2021-02-21 14:39:24
Жалпак тил менен эле.
Мурун мынча сом эле,азыр мынча сом деп түшүндүрсөңүздөр,түшүнмөкпүз.:)
+3
bond0202
2021-02-21 16:33:59
Кымбаттады деп коюп олтура бергиле процентин эсептеп
+2
talant87
2021-02-21 16:53:32
Бензин саларкада кымбадады
+1
Gulizaa
2021-02-21 17:40:20
Алган зарплатабыз 6000 сом продукты Москвадагы баа мн бирдей .Аткаминерлер ,бизнемендерге го баары бир алар баздардан алышса да баасы менен иштери деле жок .Элдин эле Шору ,кедейлер кедей болуп бараткан байлар байып .Иштесин дейсинер бирок ,баардык эле адамдардын шарты жок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан