Өлкөнүн кээ бир аймактарында кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
22-февралда Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жааашы күтүлөт. Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Өлкөнүн түштүк аймагынын көпчүлүк жерлеринде мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт.
Талас облусунда 0…-5 түнкүсүн , күндүз +1…6;
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +1…6;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +4…9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…+5;
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5;
Бишкек шаарында түнкүсүн -1…+1, күндүз +4…6.