Бишкекте бир нече жолу велосипед уурдоого шектүүлөр кармалды. Экөө өспүрүм бала

Бишкекте велосипед уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 25-октябрында милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү бир нече киши көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирден баасы 28 миң сомду түзгөн эки велосипедди уурдап кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Уурулук" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип, 15 жаштагы С.Г., Б.Д., аттуу өспүрүм балдар жана 21 жаштагы П.С. аттуу жаран кармалган.

Ал эми экөө жашы жете электигине байланыштуу келип кол коюп туруу милдеттенмеси менен чыгарылган. Алар ушул сыяктуу кылмыштардын дагы сегиз фактысын жасаган деп шектелүүдө. Тинтүү учурунда он велосипед алынган", - деп айтылат маалыматта.

Бишкекте бир нече жолу велосипед уурдоого шектүүлөр кармалды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-02-22 10:39:03
Жашабагырлар бешиктен бели чыга элек жатып ушундай иш кылышса... Бараарына барганда машине жөн эле уурдашат го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан