Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз сакталган 110 ок атуучу курал алынды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган облуста "Арсенал" аталышындагы комплекстүү иш-чара өткөрүлдү. Көрүлгөн иш аракеттердин натыйжасында мыйзамсыз сакталган 110 ок атуучу курал алынды, ошондой эле курал-жарактардын сактоо жана каттоо мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн бузуулар кодексинин негизинде 451 протокол түзүлүп, 51 миӊ сом өлчөмүндө айып пул салынды.
"Бир айлык иш-чаранын жүрүшүндө милиция кызматкерлерине Жети-Өгүз районунун аймагында жергиликтүү тургун үйүндө мыйзамсыз снайпердик мылтыкты сактап жүрөт деген маалымат түшкөн.
Аталган маалымат боюнча издөө иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөн адамдын аты-жөнү аныкталган. Ал Саруу айылынын 43 жаштагы тургуну А.М. болуп чыгып, анын үйүндө тинтүү жүргүзгөндө үйүнүн чатырына катып койгон Тигр үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу курал оптикасы менен алынды", - деп жазылат маалыматта.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 253-берене "Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ошондой эле 100гө жакын жаран өз ыктыярлары менен ок атуучу куралдарды өткөрүп беришти.