Кара-Кулжада жол кырсыгынан каза болгон 3 адам бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан

Буга чейин 20-февралда Кара-Кулжа районунда айдоочу рулга ээ боло албай унаасы жардан кулап кетип, кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болгону маалымдалган. Алар бир үй-бүлө мүчөлөрү болушкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-февраль күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Биринчи-Май унаа жолунда Кара-Кулжа айылынын 1961-жылы туулган тургуну Вольво үлгүсүндөгү унаасын айдап баратып, рулду башкара албай 25 метр аралыктагы жарга түшүп кетип каза болгон.

Ал эми жүргүнчү катары бара жаткан 3 адам, 1974-жылы туулган Кара-Кулжа айылынын тургуну айдоочунун жубайы болгон. Ал эми 2 жашар А.Ф. аттуу кыз бала небереси болгон.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан