Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы дипломаттары коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшүүдө

Москва шаарында чет элдик дипломаттарды орусиялык "Sputnik V" вакцинасы менен коронавируска каршы эмдөө башташты. Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин кызматкерлери да эмдөөдөн активдүү өтүп жатышат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Айдит Эркин билдиргендигин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 19-февралда Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Москвада жайгашкан бардык чет элдик элчиликтердин кызматкерлерин коронавируска каршы "Sputnik V" менен эмдөө сунушунун негизинде нота жөнөткөн.

"Биз Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен нота аларыбыз менен дароо тизмелерди түзө баштадык. Бул мүмкүнчүлүктү бизге акысыз бергендиги үчүн Орусия тарапка терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деп билдирген Айдит Эркин.

Белгилей кетсек, каалоосун билдирген бардык дипломаттар коронавируска каршы эмдөөдөн өтүштү.

"Sputnik V" жөнүндө сын-пикирлер жакшы, башка өлкөлөр аны сатып алууда. Менин оюмча, элчиликтерге дагы эмдөө сунушталганы туура чечим болду", - деп сөзүн жыйынтыктаган кыргыз дипломаты.

КМШ өлкөлөрүнүн, Азия, Африка жана Латын Америкасынын элчиликтери бул демилгеге кызыгып, айрым кызматкерлерге клиникага баруу үчүн бир күн дем алыш күн беришкен. Чет элдик дипломаттарга эмдөө акысыз болот.

"Sputnik V" бул коронавируска каршы күрөшүү үчүн иштелип чыккан биринчи орус вакцинасы, ал коронавирус генин камтыган башка аденовирустун негизинде түзүлгөн. Клеткаларга киргенде аларда белокторду пайда кылат - алар иммунитетти жаратып, антителолордун пайда болушуна шарт түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан