Бүгүн, 22-февралда кайгуул кызматынын унаасы менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктан жабыркагандар катталган жок.
"Эртең менен болжол менен саат 07:30дар чамасында 7-апрель жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын кайгуул кызматынын кызматтык унаасы менен Дэу Нексия үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жол кырсыгынан жабыркагандар жок. Эки унаа тең айып короо жайына токтотулду", - деп билдиришти аталган кызматтан.