Чүйдө мас абалындагы эркек киши көпүрөгө чыгып өз жанын кыюуга аракет кылды

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы көпүрөдө мас абалындагы киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аталган жарандын аты-жөнү такталууда.

"Аталган айылдын Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүндөгү көпүрөгө болжол менен 30-35 жаштагы кебетеси азиялык болгон эркек киши мас абалда чыгып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, эркек адамды жерге түшүрүшүп, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан