Бүгүн, 22-февралда Чүйдө жүргүнчүлөрдү ташыган автобусту жеңил унаанын айдоочусу сүздү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен таксинин жүргүнчүсү жаракат алган.
"Эртең менен болжол менен саат 10:00 чамасында Махатма Ганди-Веселая көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган №18 автобусту такси кызматынын айдоочусу артынан келип сүздү. Натыйжада такси кызматынын жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.