Бишкек. Түн ичинде чала таанышынын 65 миң сомун жана күрмөсүн уурдап кеткен аял кармалды

Бишкекте уурулук кылганга шектелген аял кармалып, 1 айга СИЗО-1ге киргизилди. Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, окуя 29-январда орун алган.
Аталган райондук милиция бөлүмүнө Б.Н. аттуу аял арыз менен кайрылган. Арыз ээси 29-январда түнкү саат 02:30 чамасында чала таанышы анын үйүндө болгонун айткан. Жабырлануучу башка бөлмөгө кирип кеткенде чала таанышы 65 миң сом өлчөмүндөгү акчаны жана 4 миң сомдук күрмөнү уурдап кеткен.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурулук" менен катталып, сотко чейинки тергөөгө алынган.
Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү делинип 1972-жылы туулган Ж.З. аттуу аял кармалды. Ленин райондук соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 1 айга СИЗО-1ге камакка алынды. Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
SHMIT
2021-02-22 12:47:44
Чала тааныш дагы болобу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан