Биз социалдык тармакта

Баткендеги митинг. Топтолгондор менен Өмүрбек Суваналиев жолугушту

16-февралда Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу Тажикстандын мал базарына барып, Согди облусунун Кистакуз жерлигинен кармалган. Ошондой эле Тажикстандын органдары 22 жаранды кармап кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, алар жол таппай адашып калып, мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн Тажикстан Республикасынын атайын кызматы тарабынан кармалган.

Бүгүн, 22-февралда кармалган жарандардын жакындары өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевге кайрылышкан.

"Ыйгарым укуктуу өкүл “учурда укук коргоо органдары тарабынан кармалган жарандарды Кыргыз өлкөсүнө кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып, бүгүн облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган жарандардын ата-энеси Тажикстан Республкикасына барып, алардын абалынан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлөрүн билдирди.

Ошондой эле чек аралаш аймакта орун алган маселелерди мыйзам чегинде сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттер көрүлөрүн кошумчалады", - дешти мекемеден.

Бүгүн, 22-февралда Баткен облусунда коңшу тарап Тажикстанга алып кирип кеткен Кыргыз жарандарынын жакындары митингге чыгышып, барымтага алынган жарандарды чыгарып берүүнү талап кылышкан.

Андан мурун Тажикстан тарап Кыргыз жарандарын барымтага алып кармап кеткени айтылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
munarbek.92
2021-02-22 13:05:50
ошондо контрабандага негизделип кармалыптыр да
+1
nazarnew
2021-02-22 13:35:45
Суван ака баткендиктер менен кандай тилде баарлашып атат экен, интересно.
-7
Aybiyke
2021-02-22 14:18:32
nazarnew,суван акан не кыргызча билбейби
+4
bond02
2021-02-22 13:36:15
Жол таппай, мыйзам бузгандыгы учун кармалган деп куноону кайра озубуздун жарандарга оодарып койгула эми. А мумкун атайылап эле кармап кеткендир?
+4
Rusbayastan
2021-02-22 13:40:46
Эч текени чече албайсынар
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан