Орусия Кыргыз өлкөсүнө баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү үчүн 5 миллион 200 миң доллар берет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен билдиришти.
"Орусия өкмөтү баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө акысыз негизде 5 миллион 200 миң доллар берет. Бул каражат 2021-2022-жылдары Кыргыз өлкөсүнүн Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына каржылык, материалдык-техникалык жана уюштуруучулук жардам катары берилет", - деп жазылат билдирүүдө.