УКМК: "Баткендеги жарандарды Тажикстан тарап барымтага алды делген маалымат фейк"

Социалдык тармактарда тажик күч түзүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы жана алардын барымтага алынышы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт, ал маалымат фейк.

Бул тууралуу УКМК төмөнкүлөрдү билдирди.

"УКМК Чек ара кызматы 2021-жылдын 16-февралында Кыргыз өлкөсүнүн 5 жараны Тажикстандын аймагында мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалгандыгын маалымдайт.

Такталгандай, Кыргыз өлкөсүнүн беш жараны Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз түрдө 900 килограмм металл, 2 баш бодо мал жана 3 баш майда малдарды ташып кетүүгө аракет кылып жатып, Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан мыйзамсыз өтүп жаткан учурунда кармалган.

Бул жарандарга карата Тажикстандын күч түзүмдөрү тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат. Учурда бул жарандарды мекенине кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Тажик тилкесиндеги абал азырынча туруктуу деп мүнөздөөгө болот", - деп айтылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aslan_akjol89
2021-02-22 14:15:48
Ушинтип эле озубуз куноолуу болуп чыгабыз да((
+4
futboler
2021-02-22 14:48:33
Тажиктер сразу жазат кыргыздар күнөөлүү деп, биздикилер болсо кайра өзүңдү күнөөлөп, тажиктерди актап коет.
+2
Asmat84
2021-02-22 15:33:48
Фу адам падам бовойсунар
+3
Kani_Talipbek
2021-02-22 16:08:09
УКМК кандай бети жок адамдар иштейсинер, Алар кандай эле кунолуу болушат, Бир чек ара маселесин чече албагандан кийин Аман эле болгула силер
+3
nazira...
2021-02-22 18:45:43
Бей бечаралар кичине акча кылып алайын дешсе реклама кылып, камайсынар. Чондордун контрабандаларына көздү жуумп коесунар. Где справедливост?
+3
Baska10
2021-02-22 20:47:09
Баткен Чегарасын чечиберишке Чондор Бош эмес Жакында шайлоо ошого даярдансындар.Чегара ушунча жылдан бери туурат дагы туруп туура берет.Биринчи очиред Чегарадан баштайбыз деген Лидерлер барды Результат Качан Болот Аллах билет.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан