"Клипти көргөндөн кийин таарынышып жүргөн ата-бала жарашыптыр" дейт ырчы Кубаныч Баркалбасов

SUPER.KG cайтынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү ыр, клиптерди сунуштап баяндоону улантабыз. Бул ирет карантин учурунда жаралган "Атанын кадырын билеличи" клиби тууралуу сөз кылабыз.

Ырдын аткаруучусу ырчы Кубаныч Баркалбасов.

"Ырдын обону мага, сөзү досума таандык. Клип тартуу учурунда кызыктуу окуялардан да кайгылуу учурлар көп болду. Анткени клип карылар үйүндө тартылып сабак алдык. Клип интернетке чыккандан кийин көрөрманым кайрылды. Айтымында, көп жылдан бери ата-бала таарынышып жүргөн экен. Ушул ырды уккандан кийин баласы атасынан кечирим сурап, жарашканын айтты. Ыр тарбия берип жатканы мындан ары дагы иштөөгө шык берди", - дейт ал.

Кубаныч Баркалбасовдун "Атанын кадырын билеличи" клибин көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mr.enriiko
2021-02-22 15:50:16
Молодец Куба элдин керегине жарап журо бер!! Эрнис байкенди унутпай журосунбу!? Ассортиде тамада болуп иштеп журдун эле, ошол жактан кордук эле,2 жыл мурун.. Эми мына Кыргызстандын баары таанып ,соонун ырларды чыгарып элдин уулу болуп калдын,талантын оркундой берсин!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан