"Садакага чогулган каражаттарды да уурдап жүргөн". Баткенде мечиттен 77 миң сомду уурдоого шектүү кармалды

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында мечиттен акча уурдаганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-февралга караган түнү Сүлүктү шаарында жайгашкан “Нур-Вали” борбордук мечиттеги темир сейфти белгисиз жарандар бузуп, ичиндеги 77 миң сомдон ашуун акчаны уурдап кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренеси (уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кулунду айылдык базарынан мурда сот жообуна тартылган Лейлек районунун Ак-Арык айылынын 24 жаштагы К.Б. аттуу тургуну кармалды. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү шаар аймагындагы мечиттерге орнотулган садака кутучаларынын ичиндеги акчаларды уурдап жүргөндүгү аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-02-22 18:51:29
Кудайдан коркпогон акмак. Кантип колу барды экен.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан