Баткенде бир апта ичинде 44 айдоочу мас абалда унаа башкарган

Баткен облусунун аймагында бир апта аралыгында, тагыраагы, 15-февралдан 21-февралга чейинки аралыкта бузуулар кодексинин негизинде 910 протокол түзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар - 242;

1) Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган айдоочулар -35;

2) Мас абалында унаа башкарган айдоочулар - 44;

3) Айнегин караңгылаткандар - 5;

4) Убактылуу короого токтотулган унаалар - 87.

"Акыркы аптада жолдо жүргөн айдоочулар катуу ылдамдыкта унаа башкарып, жол боюнда коюлган белгилерге маани бербей кырсыктарды жаратууда. Баткен району боюнча 1 жол кырсыгы катталып, 1 адам денесинен жаракат алып ооруканага кайрылган. Ал эми Кадамжай району боюнча бир жума ичинде 3 жол кырсыгы катталып, 6 жаран денелеринен ар кандай жаракат алып аймактык ооруканага кайрылышкан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abusait
2021-02-23 04:58:12
Баткенде арак сатылбайтко. Эч ким ичпейтдагы ал жакта.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан