18 жаштагы баланы коркутуп, телефонун тартып алган. Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды

Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-февралда болжол менен саат 21:05 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Көлмө жаңы конушунан уюлдук телефонумду тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип маалыматты тактаганда 1998-жылы туулган Ч.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2003-жылы туулган Ч.у.К. аттуу инисин белгисиз жаран коркутуп, Айфон 6 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алган. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган Б.у.М. аттуу жаранды кармашып, тергөө кызматына өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан