"Зордуктоо фактысы үчүн акча алган". Ошто экспертиза кызматкери кармалды

Ош облусунун Араван районунда зордуктоо фактысынын корутундусу үчүн акча талап кылгандыгы үчүн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

"18-февралда Араван районунун тургуну мыйзамсыз иш-аракеттердин фактылары боюнча райондук соттук экспертиза бөлүмүнүн кызматкерине чара көрүү өтүнүчү менен ички иштер органдарына кайрылган. Анда райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматкери жашы жете элек кызды зордуктоо фактысы боюнча корутунду бергендиги үчүн акча талап кылган. Шектүү 1 миң 100 сом алып, дагы 3 миң сом талап кылган", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 238-берененин (Кызматкерлерге мыйзамсыз эмгек акы алуу) негизинде катталып, сотко чейинки тергөө иши башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
JaneEr
2021-02-22 15:26:25
Продажные эксперты,судья,адвокаты...
+6
amirrus
2021-02-23 01:58:48
Билингени бул ,чекеден камаш керек эксперт,сот дегендерди баары акча алат мен кепил болуп берем
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан