Кыргыз балбаны "Токио-2020" Олимпиадасына жолдомо алышы мүмкүн. Анын каршылашынан допинг аныкталды

"Лондон-2012" жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси, Дүйнөнүн эки жолку чемпиону эстониялык балбан Хейки Набиден допинг аныкталды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 35 жаштагы балбандын денесинен булчуңдарды өстүрүүчү летрозол аныкталган. Ал эми балбан өзү өзүнөн табылган допинг тууралуу угуп шок болуп жаткандыгын айткан.

"Мен дагы деле шок болуп жатам. Бул зат менин денеме кандайча кирип кеткенин түшүнө албай жатам. Мен ар дайым спортко таза оюн эрежелери боюнча катышып келем. Бул зат аялдардын эмчек рагына каршы дары-дармектерде бар экен. Бул мени чындыгында чаташтырды", - деген Наби.

Мындан тышкары, Наби экинчи ирет "B" тестин тапшырарын айткан.

"Албетте, экинчи жолу тестти сөзсүз тапшырам. Менин мындан башка жолум жок", - деген ал.

2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун коло байге үчүн жубатуучу беттешинде Хейки Наби кыргыз балбаны Мурат Рамоновду 3:1 эсебинде утуп, "Токио-2020" Олимпиада оюндарына жолдомо уткан. Эгерде Набидеги допинг тесттин жыйынтыгы оң болуп чыкса, ал дисквалификацияланып, Олимпиадага лицензиясынан ажыратылат. Анын лицензиясын Дүйнө чемпиондугунда 7-орунду алган кыргыз балбаны Мурат Рамонов алышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurbek11
2021-02-22 23:55:46
Допинг бар экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан