Бишкекте муниципалдык менчиктеги жайларды ижарага алуу боюнча электрондук аукцион өткөрүлөт

Бишкекте муниципалдык менчиктеги жайларды ижарага алуу боюнча электрондук аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 24-февралда, ошондой эле 22-23-мартта шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак такталарын, муниципалдык менчиктеги жайларды ижарага алуу боюнча электрондук аукцион өткөрүлөт.

"Аукционго бир жылдык мөөнөткө жарнамалык 30 жарнама тактасы жана үч жылдык мөөнөткө 20га жакын муниципалдык объектилер коюлат.

Электрондук форматта муниципалдык менчик объекттерин ижарага берүү келишимин түзүү укугу боюнча аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобо менен бул шилтемеден таанышсаңыз болот.

Эскерте кетсек, жер реформасынын алкагында электрондук аукцион аркылуу жерди жана муниципалдык жайларды ижарага берүү тартиби так жөнгө салынган, бул бардык процедураны ачык-айкын көрсөтүп, шаардын киреше бөлүгүн көбөйтөт",- деп жазылат маалыматта.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан