Жалал-Абад шаарында 23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленди. Бул тууралуу шаардык мэриядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында бул жаатта үзүрлүү эмгектенип, ийгилик жараткандарга Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
"Иш-чарага мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Адилбек Жоробаев жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышты.
Мэр бул дата жүрөгүндө оту бар ар бир кыргыз жигити үчүн маанилүү болуп, 23-февраль өлкөнүн өнүгүүсүнө ар тараптуу салым кошуп келе жаткан азаматтардын майрамы экенин белгиледи", - деп жазылат маалыматта.