Биз социалдык тармакта

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 22-февралда президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, анын ичинде соода-экономикалык жактан өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү боюнча мындан аркы кадамдарды, ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.

Садыр Жапаров Си Цзиньпинди ай календары боюнча өтүп кеткен жаз майрамы менен куттуктады. Ал кытай тарапка ар тараптуу колдоосу үчүн, анын ичинде Кыргыз элине коронавирус инфекциясына каршы вакцина берүү боюнча чечимине ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Си Цзиньпин Садыр Жапаровду президент кызматына расмий киришүүсү менен дагы бир жолу куттуктады жана Кытайга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazarnew
2021-02-22 20:21:16
Садыкени чакырып алып, соке менен ашанын счетчигин көрсөтөт го дейм.
+8
Rembo90
2021-02-23 01:48:34
Кайсы тилде суйлошту болду экен интересно
-3
Asmat84
2021-02-23 08:49:23
Rembo90, ушул убакка чейин ушул элементардык нерсени билбеген сен кандай адам экендигин мага да интересно
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан