Биз социалдык тармакта

Камчыбек Ташиев Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусунун билдирүүсүнө жооп берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин адвокаты Бакыт Жумашевдин билдирүүсүнө жооп берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Жолдош Жумашев депутат Жумалиевдин мүлкү тууралуу туура эмес маалымат айтканымды айтып жатат. Анда угуп туруңуз. Мен чындыкты айткам, дагы бир нерсени айтып коёюн. Жумалиев бир участокту 17 миң сомго сатып алып, кайра бүгүнкү күндөгү курс боюнча 185 миллион сомго саткан. Эч кандай салык төлөгөн эмес. Буга эмне дейсиз?

Мына ушундай жолдош адвокат. Ал коррупционер. Эми ал уурадагандарын мамлекетке кайтырып берет. Биз аны мыйзамдуу түрдө мажбурлайбыз!" деп жазып калтырган Камчыбек Ташиев.

Эске салсак, коррупцияга шектелип кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazarnew
2021-02-23 06:40:27
Жумалини дагы аттырып салгылачы.
+5
Omyke
2021-02-23 08:59:40
Таш кормур кара кол шаарларынадагы ээлеп алган жерлери союздан калган кампаларын текшергип мамлекет алгыла
+8
aizbek
2021-02-23 14:33:26
Жакшы жакшы коз тийбесин,ден соолук берсин,ийгиликтер коп болсун
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан