Жалал-Абадда майрамга карата спорттук иш-чаралар өтүүдө

23-февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Жалал-Абад облусунун аймагында өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана аларды ынтымакка чакырган спорттук иш-чаралар милиция тарабынан уюштурулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, Сузак РИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан демилгеленген майрамдык спорттук иш-чара Кызыл-Туу айыл аймагындагы мектеп окуучулары арасында өткөрүлдү. Оюндун жүрүшүндө милиция кызматкерлери жаштарды ынтымакка жана спортту сүйүүгө чакырышты.

Ошондой эле Кеңеш айыл аймагынын орто мектебинде спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш жүрдү. Оюндун негизги максаты - жаштар арасындагы достукту жана улуттар аралык биримдикти чыңдоо экендиги белгиленип, жеңүүчүлөргө милиция кызматкерлери тарабынан кубок, глобус, дипломдор ыйгарылганын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан