Тайсон кулагын тиштеген 58 жаштагы Холифилд Владимир Кличко менен машыгуу өткөрдү

Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, америкалык мушкер Эвандер Холифилд өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Украинанын дагы бир экс-чемпиону Владимир Кличко менен машыгуудан кийин түшкөн сүрөтүн жарыялады.

"Бүгүн биз досум Владимир Кличко менен машыгып жатабыз", - деп жазды ал.

58 жаштагы Холифилд профессионалдык боксто алгачкы жолу 1984-жылы дебют жасаган. Ал акыркы беттешин 2011-жылы май айында өткөрүп, анда даниялык Брайан Нильсенге утулуп калган. Ал карьерасында жалпы 57 беттеш өткөргөн. Анын 44үндө жеңүүчү аталса (29у нокаут менен), 10 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Эки беттеште тең чыкса, дагы бир беттеш жараксыз деп табылган.

Ал эми 44 жаштагы Владимир Кличконун эсебинде 64 жеңиш жана 5 жеңилүү бар. Ал акыркы беттешин 2017-жылдын апрелинде англиялык Энтони Жошуага каршы өткөрүп, жеңилүү ызасын тартып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан