SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал Чүй жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жол белгилерине карабастан унаалардын катары менен тизилип токтоп алганын айтып, кескенге болбойт деген жол белгисин ушулардын айынан кесип, айып пул төлөп жатабыз деп билдирген.
Милициянын кайгуул кызматы бул көрүнүшкө түшүндүрмө берди.
"Жарандардын массалык маалымат каражаттары аркылуу келген кайрылууларын эске алып, Милициянын кайгуул кызматы келген кайрылууларды өз убагында аткарганга аракет кылып келет. Бул Чүй жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги туура эмес токтогон унааларга карата сөзсүз биз тараптан тиешелүү чара көрүлөт. Кайрылууңуздарга рахмат", - деп билдиришти аталган кызматтын маалымат кызматынан.