Бишкектеги "Ош базарында" мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн 100дөн ашуун соодагерге базардын ичинен орундар берилди. Бул тууралуу Ленин районунун администрациясынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, базардын айланасында мыйзамсыз соода иштерин жүргүзгөн 106 сатуучуга "Ош базары" соода комплексинин ичинен орундар берилди.
Муниципалитеттен аймактык башкармалыктар ири базарлардын жанында мыйзамсыз соодага каршы күрөштү улантып жаткандыгын эске салды. Сатуучулар менен түшүндүрүү иштери күн сайын жүргүзүлүп, алар үчүн акысыз орундардын тизмеси түзүлөрүн кошумчалашты мекемеден.