Бельгиялык футболчу Ян Ван Ден Берг футбол боюнча Бельгия чемпиондугунда алыскы аралыктан атаандашынын дарбазасына укмуштуудай гол киргизди.
"Беерсхот" футболдук клубунун коргоочусу Ян Ван Ден Берг укмуштуудай голун "Генк" клубуна киргизген. Видео Твиттердеги "Eleven Sports" аккаунтуна жүктөлдү.
Футболчу укмуштуудай голун оюндун 65 мүнөтүндө киргизип, командасын алдыга чыгарган. Гол киргизген видео Твиттерде миллиондон ашуун жолу көрүлгөн.
Беттеш 21-февралда болуп, анда "Беерсхот" клубу 2:1 эсебинде жеңүүчү аталган.