Эртең, 24-февралда түнкүсүн өлкө аймактарында жаан жаап, кар түшөт. Күндүз Бишкекте да жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн - 4…1, күндүз 2…7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн - 4…1, күндүз 6…11 градус жылыйт.
24-февралда Бишкек шаарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…1, күндүз 4…6 градус жылуу болот.