Бишкекте бир аптанын ичинде жол эрежесин бузган 336 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Бир аптанын ичинде 336 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номерлүү унаалар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-февралдан 19-февралга чейин бир апта аралыгында каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 336 унааны аныктады.

"Алардын ичинен 73 - Орусияныкы, 9 - Арменияныкы, 8 - Азербайжандыкы, 229 - транзиттик номерлар, 17 жана башка чет өлкөлүк номерлүү унаалар. Булардын баарына бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 9 чет өлкөлүк унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле, коопсуз шаар долбоорунун алкагында коюлган видео көзөмөлдөрдөн жашынып же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен каттуу ылдамдыкта айдаган айдоочуларга карата текшерүү жана чара көрүү иштерин улантаарын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан