Ош облусунун Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагында пландалган бюджеттик кызматкер үчүн делген ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн шаарчасынын долбоору аяктап, макети келди.
Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.
"Куруучу тараптар да даяр. Жердин трансформация жумуштары аяктап калды", - дешти мекемеден.